Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:25

Сузактагы кырсыкка байланыштуу чукул жыйын болот


Мына ушундай баткак басып калган 6 киши набыт кетти. Сузак, Кыр-Жол айылы. 24-май, 2015-жыл
Мына ушундай баткак басып калган 6 киши набыт кетти. Сузак, Кыр-Жол айылы. 24-май, 2015-жыл

Сузактагы жер көчкүгө байланыштуу бүгүн кечинде облустук администрацияда атайын штабдык жыйын өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук администрациясынан “Азаттыкка” билдиришти. Алты адамдын өмүрүн алып кеткен кырсыктан кийин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өкмөткө көчкү кесепеттерин тезинен жоюуну тапшырган. Ушул тапта вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев абал менен жеринен таанышууда.

Сузактын Кыр-Жол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин баарынын сөөгү жерге берилди. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат.

Расмий маалыматтарга караганда, өлкө аймагында учурда 22 миң участкада жаратылыш кырсыктары болуу коркунучу бар. Ал эми Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күндө 252 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап келет. (ZKo/RsK)

XS
SM
MD
LG