Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Ысык-Көлдө эс алуу жайлардын санитардык абалы начар


Мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөл департаменти Ысык-Көл облусундагы бир катар санаторийлер, менчик пансионаттар жана коомдук тамактануучу жайлар талапка жооп бербестигин жарыялады. Департаменттин маалыматы боюнча, коомдук тамактануучу жайлардын дээрлик 50% уруксатсыз ачылса, 80% ашуун санаторий, пансионат жана жеке конок үйлөр борбордук канализацияга кошулган эмес. Көпчүлүк имараттарга капиталдык ремонт талап кылынат. Ошондой эле туристтер көп келген жайкы мезгилде убактылуу иштей калган соода жана тамактануучу жайлар уруксатсыз ачылары, ал жерлерде тазалыкты камсыздоо боюнча эч кандай шарттар түзүлбөсү айтылат.

Тамактануучу жана тейлөөчү тармактарга кызматкерлерди жумушка алууда кесиптик билимине, тажрыйбасына каралбайт деп айтылат департаменттин маалыматында. Эң башкысы алар медициналык кароосуз алынат, бул да санитардык абалдын талабын одоно бузат деп айтылат. Мындан тышкары коомдук тамактануучу жайларда тамеки тартуучулар үчүн атайын бөлмөлөр жок, эң башкысы туристтик сезон убагында эс алуучулар үчүн көл жээгинде ичүүчү суу жана даараткана каралбаганы белгиленген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG