Канн кинофестивалына катышкан он тогуз тасманын ичинен бул жолу француз режиссеру Жак Одиардын “Дипан” аттуу тасмасы жеңишке жетти. Тасмада Шрин-Ланкадагы жарандык согуштан Парижге качкан качкын тууралуу баяндалган. Режиссер бул сынакка түрдүү тасмалары менен төртүнчү жолу катышууда. Бул жолку жеңиши үчүн ал австриялык автор Михаэл Ханекеге быйыл эч кандай фильм тартпаганы үчүн ыраазылык билдирди. Анткени буга чейин эки жолу алтын “Пальма” австриялык режиссерго берилген болчу.
Ал эми баш байге сынактагы жалгыз дебюттук программа –венгр Ласло Немешке “Саулдун уулу” драмасы үчүн берилди.
Сынактын катышуучуларынын ичинде франциялык тасмалар арбындыгына нааразылыктар айтылган. Сынакка катышкан он тогуз тасманын бешөө француз режиссерлоруна таандык, алардын үчөө байгелүү орундарга жетишти.