"Жер көчкү кырсыгынан жабыркап, Сузак райондук аймактык ооруканасына жаткырылган беш кишинин төртөөнүн абалы жакшы. Ал эми бир адамга тыкыр көзөмөл талап кылынат" деди Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев. Ал бул тууралуу “Азаттыкка” билдирип, дарыгерлер кырсык тууралуу маалымат жеткен сааттан тартып, тикесинен тик туруп иштеп жатышканын билдирди. Министрдин айтуусунда, Сузактагы ооруканада дарыгерлер да, дары-дармек жана башка жабдыктар да жетиштүү, башка жактан алып келүүгө муктаждык жок.
Сузактын Кыржол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин сөөгү жекшембиде жерге берилди.(ZKo)