Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын экинчи басылышы жарыкка чыкты. Басылманын автору Кабыл Макешовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, биринчи басылыштан бери 5 жыл убакыт өтүп, спортто бир катар өзгөрүүлөр, ийгиликтер, окуялар болгондугуна байланыштуу китеп кайрадан толукталып чыгарылды. Мурунку китепке айрым эмгек сиңирген машыктыруучулардын, атактуу спортчулардынт өмүр баяндары жазылбай калган.
Экинчи чыгарылыштын нускасы 1000 даана. Белгилүү спортчуларга, эмгек сиңирген машыктыруучуларга атайын арналган фотобаяндар бар. Биринчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары, Сочи, Лондон, Ванкувер олимпиадалары, Инчхон (Корея) шаарында өткөн Азия оюндары, Казань шаарында өткөн 27-дүйнөлүк универсида өңдүү бир катар ири спорттук иш-чаралар кеңири баяндалган.
Энциклопедияга коомдук ишмер, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Байгазы Кенжебаев демөөрчү болду. Бул китеп Кыргызстандагы спорт журналисттер федерациясынын 20 жылдыгына арналды. (ECh)