Жогорку Кеңештин имаратынын алдында “Жарандардын репродуктивдүү укуктары” тууралуу мыйзамга каршы акция өттү. Ага “Баатыр Ордо” коомдук бирикмесинин 10го чукул мүчөсү катышты. Уюмдун өкүлү Адил Назаровдун билдиришинче, парламент өткөн аптада аталган мыйзам долбоорду үч окууда кабыл алды. Анын 13-беренесинде мектеп окуучуларына сексуалдык билим берүү каралган. Уюм өкүлдөрү бул эреже кыргыздардын салт-санаасына каршы келет деп нааразылык билдирип жатат.
Ошондуктан алар президент Алмазбек Атамбаевди мыйзам долбоорго кол койбоого чакырууда.
Эки жыл мурун “Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс” өспүрүмдөр үчүн жыныстык билим берүүчү китепчени сунуштап, ал коомчулукта нааразылык жараткан эле. (BkA)