Бою эң узун кыргызстандык Жеңиш Райымбековдун араба маселесин өкмөт өз алдынча чечти. Бүгүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, оорунун айынан бутунан ажыраган Райымбековго майыптар үчүн араба жасап берүү өтүнүчү менен Кыргызстан Кытайга жана Орусияга кайрылган. Бирок ал жактан жооп болбогондуктан министрликке караштуу протез-ортопедиялык буюмдар мекемеси арабаны өз алдынча жасоого аракет кыла баштаган. Жыйынтыгында колдон келген ыкма, материалдардын жардамы менен араба жасалып, ээсине тапшырылды. Адистердин айтымында, дүйнөдө бул арабанын аналогу жок.
Нарын облусунун тургуну Жеңиш Райымбековдун бою 2 метр 36 сантиметр. Кант диабети, бөйрөк оорусу сыяктуу илдеттердин айынан соңку жылдары анын абалы кескин начарлап, жакында бутунан айрылган.
Социалдык коргоо министрлиги Израилдин клиникаларынын бири менен аны дарылоо тууралуу макулдашып койгонун, бирок Райымбеков ал жакка баруудан азырынча өзү баш тартып жатканын билдирди. (RK)