Жарандар милиция алардын укугун коргойт жана адилеттүүлүктү кепилдейт деп ишениши керек. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Мелис Турганбаев менен жолугушууда айтты. Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын алдында элдин ишенимине ээ болуу боюнча олуттуу милдеттер турганын баса белгиледи.
Мелис Турганбаев милициянын учурдагы ишмердиги жана коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.
Алмазбек Атамбаев өкмөт милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүн техника менен жабдып, калк менен тыгыз байланышын камсыз кылууга милдеттүү экенин айтты. (RK)