Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Польша президенти шайлоодо жеңилгенин мойнуна алды


Бронислав Коморовский
Бронислав Коморовский

Бронислав Коморовский президенттик шайлоонун экинчи айлампасында утулуп калганын мойнуна алганын Reuters кабарлады. Мамлекет башчысы бул тууралуу экзит-полдун жыйынтыгы жарыяланар замат жарыялады. Ага ылайык, ал 47 пайыз добуш, атаандашы - "Мыйзам жана акыйкаттык" партиясынан талапкер Анджей Дуда 53 пайыз добуш алган.

Анджей Дуда 10-майдагы шайлоонун биринчи айлампасында эле алдыга чыгып, бирок талап кылынган 50 пайыз добушту ала алган эмес эле. Шайлоо алдында Польшадагы эң жогорку мамлекеттик кызмат үчүн ат салышкан бул эки талапкердин рейтинги дээрлик бирдей болчу.

43 жаштагы Анджей Дуданын жеңиши акыркы он жылдан бери оппозицияда турган "Мыйзам жана акыйкаттык" партиясы үчүн алгачкы ири жеңиш катары бааланууда. Коморовскийди сунуштаган оңчул "Жарандык платоформа" партиясы болсо өлкөнү акыркы сегиз жылдан бери башкарып келди. Бронислав Коморовский 2010-жылдын 6-августунан бери президенттик кызматты аркалап келет.

Шайлоонун акыркы жыйынтыктары бүгүн жарыяланат.

XS
SM
MD
LG