Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков көтөрүп чыкты. Ал парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Бишкекте полиуретан чапталган кабат үйлөр көп салынып жатканына көңүл бурду. Депутат бул үйлөрдүн өрт коопсуздугун кайрадан текшерип чыгуу зарылдыгын билдирди.
Өткөн апталарда Азербайжандын борбору Бакуда 16 кабат үйдөн өрт чыгып, аз дегенде 15 киши каза тапкан эле. Кырсык имараттын сырткы каптоосу сапатсыз болгонунан улам чыкканы айтылган. (BkA)