Орус бийликтеринин германиялык депутат Карл-Георг Велльманды өлкөгө киргизбөө тууралуу чечимине ФРГ бийлиги нааразылык билдирди. Германиянын Тышкы иштер министрлиги Кремлди бул тыюуну алып салууга чакырды. Бул боюнча расмий нота Германиянын Москвадагы, ал эми Орусиянын Берлиндеги элчилигине жиберилди.
Герман-украиналык парламенттик топту жетектеген Карл Велльман Москвага жекшемби кечинде учуп келген. Бирок "Шереметьево" аэропортунан ага 2019-жылдын аягына чейин Орусияга кире албасын айтышкан. Дүйшөмбүдө Велльман Германияга кайтып кетүүгө аргасыз болгон.
ТАСС агенттиги орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартканын жазып чыкты.
Карл Велльман Орусиянын Украинанын чыгышындагы аракеттерин сындаган.