Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

Ош: «Бир дүйнө Кыргызстан» кайрадан прокуратурага даттанды


«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун Оштогу адвокаттары алардын соттук материалдарын кайтарбай жатат деген арыз менен Ош облустук жана башкы прокуратурага арыз жазышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка караганда Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү «Бир дүйнө Кыргызстан» уюумунун соттук материалдарын тинтүү учурунда алган бойдон кайтарган эмес. Тинтүү учурунда алынган материалдарды толук бойдон кайтаруу тууралуу соттун чечими 18-майда чыкканына карабай прокуратура аны өзү азыркы күнгө чейин аткарбай жатканын жазышкан.

«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюумунун Оштогу кеңсесин коопсуздук кызматы тинткен учурда алынган техника жана документтердин ичинен учурда 21 диск жана беш-алты сурактын протоколдору кайтарыла элек. (YI)

XS
SM
MD
LG