Малайзиялык полициянын башчысы өлкөнүн түндүгүндө мыйзамсыз мигранттардын сөөгү көмүлгөн ондогон мүрзөлөр табылганын билдирди. Халид Абу Бакардын айтуусунда, полиция майдын ортосунда өлкөнүн Таиланд менен чектешкен аймагында атайын операция жүргүзгөн. Полициянын маалыматы боюнча чек арадагы аймакта мигранттардын мыйзамсыз лагерлери болгон болушу мүмкүн.
Полиция башчысы мүрзөлөр май айынын башында чек аранын аркы тарабынан, Таиланддын аймагынан табылган мүрзөлөрдүн жанында эле болгон. Маалыматтарга караганда мүрзөлөрдө 140 кишинин сөөгү мьянмалык качкындар - рохинжалардыкы болушу ыктымал. Рохинжалар мекенинде азчылыкты түзөт жана диний ишенимден улам түрдүү кысымдарга кабылып турушат.