Сокулук районундагы Романовка айылында жайгашкан чочко фермадан уу заттар агын сууга аралашып, аймактагы көлмөлөргө агып келүүдө.
Натыйжада эки көлмөнүн суусу булганып, андагы ферманын балыктары өлүп калган. Бул тууралуу аймактагы көлмөлөрдүн биринин ээси Борис Савченко “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, бул көлмөлөрдөн аймактагы жашылча айдалган талаалар да сугарылат. Ушундан улам аймактын эли учурда чочко фермасынын ээсин сотко бермекчи болушууда.
Буга чейин санитардык эпидемиологиялык департаментинен текшерүүчүлөр келип, суунун курамын текшергенде, андагы уу заттын көлөмү нормадан 300 эсе көп болуп чыккан. (ZKo)