Адвокаттын уулу Азамат Айткулов көз боёмочулукка шектелүүдө. Уулунун кармалганын Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, уулу айрым адамдардан акча алып, кайра кайтарууга мүмкүнчүлүгү болбой жүргөн. Бирок уулун мындай кырдаалга алып келген адамдар болгонун адвокат билдирүүдө.
- Ушундай жол менен мага жана менин иниме басым жасоого аракет кылышууда. Анткени мен юрист катары, ал эми болсо интернетке бир катар коррупциялык схемалар боюнча макалаларды жазып жүргөн, - деди Айткулов.
Учурда адвокаттын уулу Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайында.
Икрамидин Айткулов өлкөдөгү белгилүү адвокаттардын бири. Ал белгилүү саясатчыларга адвокат болгон. Эки жыл мурун аны белгисиз бирөөлөр катуу сабап кетишкен эле.(BkA)