Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Жалал-Абад: эки адамдын Сирияга кеткени аныкталды


Облус аймагында 25-майда облустук милиция жүргүзгөн “Нелегал” операциясынын алкагында 19 жана 21 жаштагы эки баланын Сириядагы согушка кеткени аныкталды.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда эки жаран тең Ала-Бука районунун тургундары. 21 жаштагы жаран иш издеп кетип, Түркия мамлекети аркылуу Сирияга баргандыгы аныкталса, 19 жаштагы экинчи жигит Сузактагы “Имам-Аъзам” медресесинен окуумду бүтүрүп алайын деп үйүнөн чыгып, куралдуу согушка баргандыгы такталды. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.(RsK)

XS
SM
MD
LG