Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети Кыргызстандын CASA-1000 долбооруна кошулуу боюнча келишимди жактырды.
СASA-1000 Түштүк Азияда электр энергияны өткөрүү жана сатуу боюнча эл аралык долбоор. Ага ылайык, Кыргызстан менен Тажикстан Ооганстан жана Пакистанга жайкы мезгилде 350 миллион кВт. саат электр энергиясын экспорттошу керек. Пакистан менен сатылчу электр энергиянын баасы бычылды. Исламабад бир кВт. саат электр энергияны 9,4 центтен сатып алууга макулдугун берген.
Бирок бул долбоордун Кыргызстандагы бөлүгүн аткаруу үчүн 230 миллион доллар керек.
Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого жол ача турган CASA-1000 долбоорунун биринчи бөлүгү 2018-жылы ишке кирери күтүлүүдө.
Бирок акыркы жылдары Кыргызстан электр энергия тартыштыгынан улам аны экспорттоого мүмкүнчүлүгү болбой келет.(BkA)