Талашатуу видеоклипте бийлеген египеттик аял “адамдарды бузукулукка түрттү” деп айыпталып, камакка алынды. Клипте денесин жука бөз менен жапкан Реда эл-Фули аттуу аял Мена деген ырчынын ырынын коштоосунда жыландай ийрилип бийлейт. Гиза шаарынын прокурору Ахмед Баклынын 25-майдагы билдирүүсүндө “Колуңду тарт” деп аталган видеоклип “адеп-ахлакты бузат” деп көрсөтүлөт. Прокурор бийчинин көңүлдөш жигити Ваел эл-Сыдыкини да камакка алууну буйруду. Видеклипти кээ бир интернет колдонуучулар “адепсиз” деп сындагандан кийин эл-Сыдыки коңшулаш Туниске чыгып кеткен.