Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенкого энеси каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Азыркы азалуу учурда сизге жана үй-бүлөңүздөргө күч-кубат жана кайрат тилейм” деп айтылат президенттин телеграммасында.
Беларус президентинин 91 жаштагы энеси Екатерина Лукашенконун дүйнө салганы бүгүн кабарланган. Мындан улам Лукашенко Пакистанга болчу сапарын артка жылдырды. (BkA)