Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Орусияда ири аскердик авиамашыгуу өтүүдө


Ставрополь крайындагы аскердик машыгуу учурунда аскерлер "Су-25" истребителин ракета менен дүрмөттөшүүдө. 12-март 2015
Ставрополь крайындагы аскердик машыгуу учурунда аскерлер "Су-25" истребителин ракета менен дүрмөттөшүүдө. 12-март 2015

Коргоо министрлигинин маалымдашынча, Урал тоолорунда жана Батыш Сибирде өтүп жаткан машыгууга 12 миң аскер жана 250 согуштук учак катышууда. 28-майга чейин созулчу маневр аскерлерге сентябрда болчу “Центр-2015” машыгуусуна даярданууга көмөктөшөт. Расмий маалымдалгандай, маневр учурунда узак аралыкка учуучу согуш учактары Коми Республикасындагы “душман күчтөрүнүн” өңүттөрүнө ракетадан сокку урат жана аскерлердин даярдыгы күтүүсүз жагдайда текшерилет.

Орусия былтыр мартта Крымды аннексиялап алгандан бери бир нече чоң масштабдагы аскердик маневр өткөрдү.

XS
SM
MD
LG