Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Ооганстанда козголоңчулардын кол салуусу көбөйүүдө


Кандагар шаардык сотунун имараты талиптердин чабуулунан кийин. 26-май 2015
Кандагар шаардык сотунун имараты талиптердин чабуулунан кийин. 26-май 2015

Ооганстандын Вардак провинциалдык сотуна жасалган бомба чабуулунан эки полициячы курман болду. Талип жанкечти бомбаны сот жайгашкан коргондун дарбазасынын жанына келип жардырганын Вардак полициясынын зардалы Халил Андараби билдирди. 25-майда Забул провинциясынын борбору Калат шаарында автомобилчен жанкечти жардырган бомба 5 адамдын өмүрүн алган. 60тан ашык адам жараат алган.

25-майда Гелманд провинциясынын Навзад районунда козголоңчулардын тобу көзөмөл бекетине чабуул коюп, 19 полициячыны жана 7 солдатты катардан чыгарган.

XS
SM
MD
LG