Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Хьюстондо суу ташкынынан улам чукул кырдаал киргизилүүсү мүмкүн


Американын Хьюстон шаарынын мэри Техастын губернаторунан суу ташкынына байланыштуу чукул кырдаал жарыялоону өтүндү. Мындагы сел кеминде эки кишинин өмүрүн алып кеткен. Жүздөгөн үйлөр дагы деле суу алдында турат.

Техас бийликтери ташкын жууп кеткен 12 үйдү жашоочулары менен кошо издөөнү улантышууда.

Мексиканын түндүгүндө жана АКШнын бул өлкөгө чектеш жайгашкан аймактарында өткөн суткаларда болгон торнадо, катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жаан 19 кишинин өлүмүнө себепкер болду.

XS
SM
MD
LG