Быйылкы ажы сапарына барууга Кара-Суу районунан эң көп каалоочу катталды. Бул тууралуу Ош облустук казыяттан билдиришти.
Маалыматка караганда Ош облусунун жети районунан 456 адам ажы сапарына барууга жаңы катталышкан. Ажылыкка барууну каалоочулардын саны жагынан Кара-Суу району алдыда турат. Бул катарда Ноокат, Өзгөн жана Араван райондору да бар.
Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондорунан 10-15 гана адам быйыл ажыга баруу ниетин билдиришкен. Ошол эле учурда былтыркы чүчүкулактан өтпөй калган 3100 адам, андан тышкары былтыркы кезек боюнча 397 чүчүкулаксыз ажы сапарга аттанганы турушат. Быйылкы чүчүкүлакка Ош облусунан 3500 адам катышары болжолдонууда.
Быйылкы ажылык сапарына каттоо өнөктүгү 1-июнда токтотулат. (YI)