Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Укук коргоочулар өз коопсуздугу үчүн тынчсызданууда


Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар аларга карата түрдүү басым болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул боюнча Бишкекте өткөн маалымат жыйында сүйлөп жатып “Бир дүйнө- Кыргызстан” кыймылынын төрайымы Төлөйкан Исмаилова акыркы учурда “Кырк чоро” сыяктуу коомдук бирикмелер мыйзам бузуу менен укук коргоочуларга ар кандай басым көрсөтүп жатканын билдирди. Бирок, анын айтымында, буга милиция тиешелүү көңүл бурбай жатат. Муну менен катар айрым маалымат каражаттары жарандык коом өкүлдөрүн бир тараптуу каралап жатышат. Ошондуктан бейөкмөт уюмдар бийлик органдарын маселеге көңүл бурууга жана "Калыс", "Кырк чоро" уюмдарына каршы чара көрүүгө чакырууда.

17-май күнү шаардагы кафелердин биринде майрам өткөрүп жаткан сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн жыйынын “Кырк чоро” жана “Калыс” кыймылынын мүчөлөрү үзгүлтүккө учураткан. Бул боюнча кылмыш иш козголгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG