Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

ЖК депутаттары жер көчкүдөн жабыркаган айылга барат


Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова баштаган бир топ депутаттар бүгүн Сузактын Кыр-Жол айылында көчкүдөн жабыр тарткандар менен жолугушат. Бул тууралуу Мамырова “Азаттыкка” билдирди. Вице-спикер мерт болгондордун жакындарына парламент атынан көңүл айтып, спикердин резервдик фондунан бөлүнгөн 1 миллион сом каражатты жабыркагандарга тапшырат. Депутаттар тобунун курамында парламенттеги ар бир фракциядан экиден өкүл бар.

Сузактын Кыр-Жол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган.

Натыйжада алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылган. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG