Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

“Калыс” кыймылы кумсаларга каршы мыйзамды тездетүүгө чакырууда


Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлдөрү Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Алар парламенттен кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзамды тезирээк кабыл алууну суранууда. Мыйзам долбоор буга чейин Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Ал күчүнө кирсе бир жыныстагылардын сексуалдык мамилесин пропагандалаган жаран 6 айдан бир жылга чейин эркинен ажырайт. Адаттан тыш сексуалдык ориентациядагылар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабар таратып, жайылткан журналисттер да жазага тартылат. Мыйзам ошондой эле кумсалардын бирикме түзүп, укугун коргошуна тыюу салат.

Бул демилгеге каршы БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши тынчсыздануу билдирип, мындай мыйзам кабыл албоого чакырган.

“Калыс” кыймылы буга чейин АКШ элчилигине, бейөкмөт уюмдарга каршы акцияларды өткөргөн эле.

Бүгүн бир катар уюмдардын өкүлдөрү коопсуздукка тынчсызданып, маалымат жыйын өткөрдү. (BkA)

XS
SM
MD
LG