Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

БШК: Шайлоого жакын мыйзамды өзгөртүүгө болбойт


Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө болбойт, бирок буга карабай депутаттар мындай аракетин улантууда.

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Президент жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоор каралууда. Аны “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов иштеп чыккан. Ага ылайык, саясий партиялар Жогорку Кеңешке өтүү үчүн шайлоого катышкан жарандардын 9 пайыздык добушун алышы керектиги көрсөтүлгөн. Буга чейин бул чек 7 пайыз болчу.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо ушул жылдын күз мезгилинде өтөт. Азырынча так мөөнөтү аныктала элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG