Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Порошенко улуттук коопсуздук стратегиясына кол койду


Петро Порошенко
Петро Порошенко

Украин президенти Петро Порошенко улуттук коопсуздук стратегиясы тууралуу жардыкка кол койду. Бул тууралуу украин президентинин сайты жазып чыкты. Стратегия өлкөнүн Европа Биримдигине интеграциялануусун жана НАТОго кирүү шарттарын түзүүнү караштырат. Анда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары катары өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле курал-жарак жана аскерий техникалык өндүрүш маселелеринде Орусиядан толук көз карандысыздыкка жетишүү аталган. Документте улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча жаңы системаны түзүү зарылдыгы Орусия тараптын коркунучунан жана өлкөнүн ички-тышкы саясатындагы башка өзгөрүштөрдөн келип чыкканы айтылат.

Бул стратегияны Украинанын Улуттук кооопсуздук жана коргоонуу кеңеши 6-майда кабыл алган жана ал өлкөнүн аскерий иш-мерчеминин негизги документи катары саналат.

XS
SM
MD
LG