Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Караколдун мэрине ишеним көрсөтпөө демилгеленди


Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгуловго ишеним көрсөтпөө демилгесин депутат Орумбек Мааданбеков көтөрүп чыкты. Ал калаа башчысын "Пржевальск көчөсүн реконструкциялоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Эгимбаев аттуу белгисиз адисти кошуп койгон" деп айыптоодо. Мындан сырткары депутат калаада муниципалдык аймактык бирдиктерге трансформатор орнотуу тапшырмасы берилип, каражат маселеси чечилгени менен мэрия жарым жылдан бери буга көңүл бурбай келатканын кошумчалады.

Мааданбеков калаа башчысынын кызмат жоопкерчилигин карап, анын отставкасын талап кылганга чейин барарын белгиледи.

Ал эми мэр Рыскул Калыгулов депутат айткан дооматтарды негизсиз деп, коюлган айыптоолорго карата өзүнүн түшүндүрмөлөрү бар экенин "Азаттыкка" билдирди. (ASa)

XS
SM
MD
LG