Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Казакстанда тик учак кыйрап, бир адам мерт болду


Кырсык Алматы облусунда болгонун "Азаттыктын" казак кызматы аймактагы чукул кырдаалдар департаментине таянуу менен кабарлады. Бортунда бир адамы бар тик учак түшкө жуук Көк-Суу районундагы Акшатоган айылына жакын жерде кырсыктаган. "Талдыкорган жолдору" компаниясына таандык жеңил моторлуу тик учак жол курулуп жаткан жерде учуп баратып, жогорку чыңалуудагы электр линиясына урунуп алган. Натыйжада тик учак күйүп кетип, учкуч ошол жерде каза тапкан.

XS
SM
MD
LG