Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Зилзаладан жабыркаган Маңгыт айылынын мектеп маселеси чечиле элек


Маңгыт айылындагы чатыр мектеп
Маңгыт айылындагы чатыр мектеп

Ош облусуна караштуу Араван районунун Маңгыт айылынын мектеп маселеси чечиле элек. Быйыл жазында жер титирөөдөн мектептин имараты жабыркагандыктан балдар чатырда окуп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5 чатыр орнотуп берген. Бүгүн окуучулар жана мугалимдер менен Ошто иш сапарда жүргөн президент Алмазбек Атамбаев жолугуп, көйгөй менен жеринен таанышты.

Мамлекет башчы Билим берүү министрлигине мектепти кыска мөөнөттө калыбына келтирүүнү тапшырды. Атамбаевдин айтымында, учурдагы имарат оңдоого жатпаса тезинен жаңысын кура баштоо керек.

Маңгыт мектебинде 240 бала окуйт.

Президент Атамбаев Ош облусунда иш сапар менен жүрөт. Ал түшкө чейин облус активи менен жолугуп, аймактын көйгөйлөрүн талкуулаган.(BkA/YI)

XS
SM
MD
LG