Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

AI ХАМАСты айыптады


Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун эксперттери ХАМАС тобу Израил менен болгон былтыркы жаңжал учурунда Газа тилкесинде аскерий кылмышка барган деген тыянакка келди. "ХАМАСтын согушкерлери Израил менен кызматташкан деп айыпталган палестиндиктерди уурдап кетүү, кыйноо жана мыйзамсыз өлтүрүү өнөктүгүн уюштурган", - деп айтылат уюмдун шаршембиде жарыяланган баяндамасында. ХАМАС тобу АКШ, Европа Биримдиги, Жапония жана Канада тарабынан террордук уюм катары таанылган. Эл аралык эксперттердин пикиринде, бул топтун согушкерлеринин кээ бир аракеттерин аскердик кылмыш катары караса болот.

Amnesty International уюму мурдагы баяндамасында өткөн жайда ХАМАС согушкерлеринин ракеталык соккуларына каршы Газада аскердик операция жүргүзгөн маалда Израил аскерлеринин аракеттеринде да аскердик кылмыштын белгилери табылганын жазып чыккан. Анда Израил армиясынын жарандык обьектилерге сокку уруусу жайкын тургундардын өлүмүнө алып келгени айтылган.

XS
SM
MD
LG