Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча кылмыш иш сотко өткөрүлдү


Аскер прокуратурасы журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча козголгон кылмыш ишти тергеп бүтүп сотко өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, факт боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиевге, УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Турдубек Алмаматовго, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Бакыт Парманкуловго, ИИМдин түштүк аймагы боюнча башкы башкармалыгынын экс-башчысы Расулберди Раимбердиевге, ИИМдин жооптуу кызматкерлери Туратбай Үмөтов жана Искендер Сооданбековго “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Адам өлтүрүү аракети” жана “Кылмыш жасоого далалат кылуу” беренелери боюнча айып тагылды.

«Репортер-Бишкек» гезитинин мурунку серепчиси Сыргак Абдылдаевге 2009-жылы март айында белгисиз адамдар кол салып, бычактап, колу-бутун сындырып кеткен. Мындан соң Абдылдаев Швециядан баш калка алууга аргасыз болгон. Абдылдаев ал кезде мурдагы президент Бакиев бийлигинин кемчиликтерин ашкере кылган макалаларды жазып турган.

Ага кол салуу боюнча кылмыш иш Бакиев бийлиги кулагандан кийин ачылып, тергеле баштаган. Былтыр президент Алмазбек Атамбаев Абдылдаевди "Эрдик" медалы менен сыйлаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG