Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

“Чет элдик агенттер” боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү


Жогорку Кеңештин депутаттары бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу боюнча мыйзам долбоорун добуш берүүгө жөнөттү. Аны Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев жана “Ата Журт” фракциясынан депутат Надира Нарматова демилгелеген. Документте уюмду каржылоо сырттан болуп, ал саясий ишмердүүлүк менен алектенген учурда чет элдик агент катары таанылары каралган.

Мыйзам долбооруна биринчи окууда бейшембиде добуш берилиши күтүлүүдө.

Буга чейин Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Кыргызстандын “чет элдик агенттер” боюнча мыйзам долбоору адам укугун коргоочу топтордун ишмердигине терс таасир этиши мүмкүн деп аны кайра карап чыгууга үндөгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG