Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

НАТО Орусиянын өзөктүк курал тууралуу билдирүүлөрүнө тынчсызданды


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия тараптын өзөктүк курал тууралуу билдирүүлөрү терең тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу шаршембиде Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен жолугушууда айтты.

Столтенбергдин сөзү боюнча, Орусиянын Калининградда өзөктүк ракеталарды жайгаштыруу планы, ошондой эле Орусиянын өзөктүк куралын Крымга жайгаштыруу тууралуу опузасы – Европадагы коопсуздуктун абалын түп тамырынан өзгөртүүдө. “Орусиянын өзөктүк курал тууралуу сөздөрү өзүн актабаган, туруксуздаштыруучу жана коркунучтуу аракет” деди НАТОнун башкатчысы. Ошондой эле Орусиянын Украинага мамилеси тууралуу айтып жатып, Столтенберг Москва өзүнүн аскерий күчүн бекемдеп, улутчулдукту күчөтүп, коңшу өлкөлөрдүн аймактарын ээлеп алуу менен аларды багындырып алууга укуктуу экенин билдирип жатат деп айыптады.

Орусия “Искандер-М” аталышындагы жакынкы аралыкка атуучу баллистикалык ракетасын Калининградга эки жыл мурун жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG