Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын жаңы лауреаттары аныкталды. Алардын бири - алтайлык акын Боронтай Бедюров, экинчиси - кыргызстандык акын Сагын Акматбекова. Буларга лауреаттык күбөлүк, акын Байдылданын элеси түшүрүлгөн алтын медаль жана ар бирине 100 миң сомдон акчалай сыйлык берилет.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи күзүндө Байдылда Сарногоевдин туулган жеринде, Таласта болот. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары “Азаттыкка” билдиришти.
Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлык таланттуу акындарга эки жылда бир ыйгарылат.(ZKo)