Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

ӨКМ иши сынга алынды


Жогорку Кеңеш депутаты Нурбек Касымбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктарды алдын алуу боюнча ишти жакшы жүргүзбөй жатат деп бүгүн парламент жыйынында айтып чыкты. Депутаттын пикиринде, министрлик "табигий кырсыктар тууралуу жергиликтүү калкка тиешелүү деңгээлде эскертпей жатат, мунун кесепетинен адам өмүрүнө залал келген учурлар болууда". Буга мисал катары ал Сузактагы жер көчкүнү атап, ӨКМ кооптуу жерде жашагандары башка жакка көчүрүү ишин мурдатан алып барган эмес деп сындады.

Ошондуктан Касымбеков министрлик табигий кырсыктарды алдын алуу системасын иштеп чыгышы керектигин айтууда.

Сузактын Кыр-Жол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Алты адам каза таап, бешөө жараат алган.

ӨКМдин белгилешинче, бул айылда абал кооптуу экени боюнча эскертме жергиликтүү бийликке 1994-жылдан бери берилип келаткан. "Бирок маселе элди көчүрүп кетүүгө башка жер жок болгондугунда" деп билдирет ӨКМ. (BkA)

XS
SM
MD
LG