Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Гепатитке каршы кеңеш түзүү сунушталды


Мындай демилге менен парламент жыйынында депутат Равшан Жээнбеков чыкты. Анын айтымында, Кыргызстанда бул оору тез жайылып, жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Учурда расмий эсеп боюнча 224 миң адам гепатиттин эң оор С формасы менен ооруйт. Бирок чынында мындан көп болушу мүмкүн.

Ошондуктан депутат гепатит менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кеңеш түзүү сунуштады.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги гепатитке чалдыккандар саны акыркы жылдары 23 пайыз көбөйгөнүн кабарлаган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG