Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

Google Translate сөздүгүнө кыргызча 70 миң сөз киргизилди


Google Translate электрондук системасына кыргызча сөздүктү да кошуу аракети уланууда. Өкмөттөн кабарлашкандай, бул электрондук сөздүккө былтыр кышында башталган акциянын алкагында кыргыз тилиндеги 70 миң сөз киргизилди. 1-марттан тарта жазгы акция жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жалпысынан 150 миң сөз киргизүү мерчемделүүдө.

Уюштуруу иштеринин соңунда Google Translate аркылуу кыргызча сөздөрдү да которуу мүмкүнчүлүгү ачылат.

Мындан сырткары кыргыз тилиндеги Википедия электрондук энциклопедицясын байытуу боюнча иш жүрүүдө. Анын алкагында башка тилдеги макалалар кыргызчага которулуп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG