Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Ирак аскерлери Рамадинин бир бөлүгүн кайтарып алды


Самарра шаарынан Рамадиге кетип бараткан шиит полициясы. 27-май, 2015.
Самарра шаарынан Рамадиге кетип бараткан шиит полициясы. 27-май, 2015.

Ирак аскерлери 27-майда Рамади шаарынын эки районун "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринен кайтарып алды. Өкмөттүк күчтөр азыр согушкерлер менен калаанын түштүк жагында согушуп жатат. Армия поковнигинин айтышынча, аскерлер шаардын Таиш жана Хумейра райондорун алып, Анбар университети тарапка кирип баратат.

Ирактын эң ири провинциясы - Анбардын борборун согушкерлер 17-майда ээлеп алышкан.

Ирак аскеринин расмий өкүлүнүн кабарлашынча, бул арада "Ислам мамлекети" тобунун карамагындагы Фаллужа шаарынын жанында 26-майда согушкерлердин өкмөттүк армияга багытталган өзүн-өзү жардырган чабуулдарынан 17 адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG