Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Бою узун Жеңишбекке президент жардам көрсөттү


Президент Алмазбек Атамбаев бою эң узун кыргызстандык Жеңиш Райымбековго бир ирет 100 миң сом жардам жана ар ай сайын 10 миң сомдук жөлөк пул чектөө боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул каражат президенттин фондунан бөлүнмөкчү.

​Нарын облусунун тургуну Жеңишбек Райымбековдун бою 2 метр 36 сантиметр. Кант диабети, бөйрөк оорусу сыяктуу илдеттердин айынан соңку жылдары анын абалы кескин начарлап, жакында бир бутун кестирүүгө аргасыз болгон.

Социалдык коргоо министрлиги Израилдин клиникаларынын бири менен аны дарылоо тууралуу макулдашып койгонун, бирок Райымбеков ал жакка баруудан азырынча өзү баш тартып жатканын билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG