Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:19

Туризм департаментинин директору Максат Чакиев кармалды


Максат Чакиев

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Чакиев пара берген деген шек менен кечээ, 28-майда кармалды. Бул маалыматты бүгүн Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

Алдын ала маалыматка ылайык, Чакиев ишиндеги мыйзам бузууларды жашыруу максатында ИИМдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлерине 92 миң сом пара берүүгө аракет кылган.

Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Териштирүү жүрүп жатат. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG