Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Токтогулда өрт кырсыгынан бир адам жабыркады

Токтогул шаарында өрт кырсыгынан 22 жаштагы жаран жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык кечээ кечинде катталган. Исраилов көчөсүндө жайгашкан №11 үйдө өрт чыгып, 1993-жылы туулган Бакытбек Жангазиев денесинен 2-даражадагы күйүк алган. Учурда ал райондук ооруканада дарыланууда.

Өрт өчүргүчтөрдүн алдын ала маалыматына караганда, өрттүн чыгышына электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелери сакталбаганы себеп болгон.

Жалпысынан соңку суткада Кыргызстан боюнча 5 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG