Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Орусиядан Кыргызстанга курал-жарак келип жатат

Бул тууралуу коргоо министри Абибилла Кудайбердиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул жылдан тарта артиллериялык курал, бронемашинелер, курал-жарактардын запастык бөлүктөрү, полигондук жабдуулар сыяктуу аскерий техника келип жатат. Буга чейин эскирген курал-жарак калдыктарын зыянсыздандыруу жабдыктары ташылып келген эле.

2012-жылы Орусия кыргыз армиясына жалпы суммасы 1 миллиард долларлык курал-жарак жана аскердик техника берери кабарланган. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG