Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Жалал-Абадда “Немистер Кыргызстан тарыхында” көргөзмөсү өтүүдө


Бүгүн Жалал-Абад шаарында “Немистер Кыргызстандын тарыхында” деп аталган көргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө өлкөнүн тарыхындагы немистердин орду чагылдырылган сүрөттөр, видеоматериалдар коюлган. Иш-чараны уюштурган “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева “Кыргызстанда жашаган 80ден ашык улуттун арасындагы ынтымакты бекемдөө жана эки мамлекеттин ортосундагы мамилени чындоо" максаты коюлуп жатканын белгиледи.

Көргөзмөнүн ачылышына Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана жаштар катышты.

Буга чейин ушундай эле акция Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган, алдыдагы күндөрү Талас облусунда өткөрүлөт.

Аймактагы жүзүмдөн даярдалган алгачкы вино заводдорун жана аскердик техника тетиктерин жасаган цехтерди немистер иштеткен. Жалал-Абад облусунун аймагында учурда 143 немис улутундагы үй -үлө жашайт. Алардын көпчүлүгү Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларында. (RsK)

XS
SM
MD
LG