Бүгүн Кыргызстандагы 2 миңден ашуун орто мектепте "Акыркы коңгуроо" кагылып, 162 миң бала аттестат алды. Алардын 67 миңи 11-классты, 95 миңи 9-классты бүтүрдү.
Билим жана илим министрлигинен кабарлашкандай, Бишкекте 11-классты 4864, ал эми Ош облусу боюнча 12 миң улан-кыз аяктады.
Быйыл артыкчылык аттестат алуу үчүн тесттен 140 бала ийгиликтүү өттү.
Кыргызстанда 2207 мектеп бар, аларда окуган балдардын саны 1 миллиондон ашат. (RK)