Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Назарбаев президенттик бийликти азайтуу ниетин билдирди


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө парламент менен өкмөттүн ролун жогорулатуу менен президенттин бийлигин азайтуу зарылдыгын билдирди. Ал мындай оюн Астанада өтүп жаткан КМШ өкмөт башчыларынын жолугушуусунда ортого салды.

- Ушу кезге чейин президенттик бийлик өкүм сүрүп келет. Биз парламент менен өкмөт өз алдынча иштеши үчүн аларга көбүрөөк ыйгарым укук беришибиз керек, - деди казак президенти.

Нурсултан Назарбаев 1991-жылдан бери өлкө башчысы болуп келет. Ушул жылдын 26-апрелинде ал 5-жолу президент болуп шайланды.

Казак оппозициясы Назарбаев колуна чексиз бийликти топтоп, өкмөт менен парламентти алсыздандырды деп сындап келишет.

XS
SM
MD
LG