Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Багдадда жардыруудан кеминде 10 киши мерт кетти


Багдаддын борбордук бөлүгүндө автоунааларга орнотулган бомба жарылып, кеминде 10 киши каза таап, 30га жакыны жараат алды. Жардыруу кымбат баалуу мейманканалардын жанында 28-майдын түнүндө болгон.

Азырынча бул чабуулга жоопкерчиликти эч ким ала элек. Бирок “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери чабуулдарды байма-бай уюштуруп келет. Алгач бомба АКШ элчилигинин имараты тараптагы Babylon отелинин жанында, кийинкиси Cristal Grand Ishtar мейманканасынын жанында жарылды.

Сунни экстремисттери 2010-жылы Babylon жана Sheraton мейманканаларына чабуул коюп, 36 киши мерт кеткен. Багдадда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү менен Ирак бийлиги экстремисттик согушкерлердин чабуулдарына туруштук бере албай келет.

 

XS
SM
MD
LG