Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Кыргыз жана тажик премьерлери чек ара маселесин талкуулады


Бүгүн кыргыз премьер-министри Темир Сариев КМШ өкмөт башчыларынын жыйынынын алкагында Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугушту.

Сариев кошуна өлкө менен суу-энергетикалык, соода-экономикалык кызматташууну бекемдөө зарылдыгын айтты. Өз кезегинде Расулзода тажик тарап өкмөт аралык жана кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо комиссияларынын ишин жандантууга кызыкдар экенин белгиледи.

Өкмөт башчылар 9-11-июнда Душанбеде өтө турган “Жашоо үчүн суу” деген аталыштагы конференция тууралуу да сүйлөштү.

Сариев кесиптешин расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Бүгүн Казакстандын Бурабай шаарчасында КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлеринин саммити өтүүдө. (KE)

XS
SM
MD
LG