Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Массалык адам өлтүрүүгө шектелген украиналык Канадада көз жумду


Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы аскердик кылмыштарга шектелген Владимир Катрюк Канаданын Ормстаун шаарында 93 жашында көз жумду.

Адвокат Орест Рудзиктин айтымында теги украиналык Катрюк акыркы убактарда ооруп жүргөн. Ал 1943-жылы Беларус айылдарындагы массалык адам өлтүрүүлөргө катыштыгы бар деп айыпталып келген.

"Глоб энд мейл" гезитинин жазышынча, Катрюк Канада - Орусия алакасында жасоолдун ролун аткарган. Качан гана Канада Орусияны Украинадагы агрессияларга айыптаганда эки өлкөнүн мамилеси сууган.

8-майда Орусиянын Тергөө комитети Катрюкту аскердик кылмыштарга айыптап, аны өткөрүп берүүнү Канада өкмөтүнөн сураган. Канада өкмөтү айыптоолорго далил жок деген негизде өтүнүчтү канааттандырган эмес. Бирок Орусия Владимир Катрюкка "тукум курут кылуу" беренси боюнча козголгон кылмыш иши улана берерин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG